Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялаган мыйзамга кол койду

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Өзбекстан менен Кемпир-Абад суу сактагычындагы суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялаган мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзам 17-ноябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтү ортосунда келишилген Кемпир-Абад суу сактагычындагы суу ресурстарын биргелешип башкаруу тууралуу макулдашууну ратификациялоо сунушталган.

Макулдашуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге ылайык даярдалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты