Шаурмага уулангандардын саны 70ке жетти

  • 7 месяцев мурун

Бишкекте тамак-ашка, шаурмага уулангандарды саны 70ке жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта 36 киши ооруканага жаткандыгы айтылат, алардын ичинен — бешөө балдар.  

Буга чейин Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө 21 адам шаурмага ууланганы, алардын 15и ооруканага жаткырылканы кабарланган.

Жапырт уулануу шаардагы Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Беш лаваш” жана “Мидос” тез татым жайларында болгон. Жабыркагандар шаурмага ууланышкан. Жалпысынан 21 адам жабыркап, 15и ооруканага жаткырылган.

Тез татым түйүндөрүнө 72 миң сом айып пул салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн жабылганы да мурда айтылган.

Сүрөт: Шаардык санэпидкөзөмөл борбору.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты