Бишкекте 21 киши шаурмага ууланды

  • 7 месяцев мурун

Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө 21 адам шаурмага ууланды. Алардын 15и ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору кабарлады.

«Жапырт уулануу шаардагы Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Беш лаваш» жана «Мидос» тез татым жайларында болгон. Жабыркагандар шаурмага ууланышкан. Жалпысынан 21 адам жабыркап, 15и ооруканага жаткырылды” деп айтылат маалыматта.

Калган адамдар амбулатордук дарылоо алып жатышат. Тез татым түйүндөрүнө 72 миң сом айып пул салынып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн жабылды.

Сүрөт: Шаардык санэпидкөзөмөл борбору.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты