Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги өтүүдө
- 3 года мурун
Бүгүн, 29-ноябрда, парламенттик шайлоонун алдын-ала жыйынтыгына нааразы болгондор Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына тынч митинг уюштурушту.
Кечээ, Кыргызстанда, парламенттик шайлоо өтүп, анын автоматташтырылган системасынын эсептөөсү боюнча алдын-ала жыйынтыгы жарыяланган. 5 саясий партия алдыга чыкты. Алар-“Ата журт-Кыргызстан” партиясы-16, 44%, “Ишеним”-13, 20% , “Ынтымак”-10,65%, “Альянс” -8,07% менен, “Бүтүн Кыргызстан”-6,58%, “Ыйман нуру” -5,96%.
Ал эми бир мандаттуу округдардан 36 талапкер өткөндүгү жарыяланды.
Тынч митингге чогулгандар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришүүдө.
Кечээ, саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түшүп, сайтына жарыяланган. Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өткөн болчу. Бирок кийин ал жокко чыгарылды.
«Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.