Шайлообек Атазов БШКнын чечими боюнча сотко кайрыларын билдирди

  • 1 месяц мурун

Шайлообек Атазов БШКнын аны талапкерликке каттоодон баш тарткан чечими мыйзамсыз экенин жана сотко кайрыларын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.   

“Мени КРнын ЖКнин депутаттыгына «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 59 — беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарын жетекчиликке алып, талапкер кылып каттоодон баш тартуу туура эмес. Юридикалык тил менен айтканда мыйзамсыз” деп билдирди Атазов.

“Мени, 2024-жыл 13-мартынан 29-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары (260 күн) жүргөнсүз деп негиз катары көрсөтүшүүдө. Бирок, жогорудагы мыйзамдын талаптарын мен бузган эмесмин. Себеби, КР Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүндө 2025-жылдын 9-июнунда N 113 конституциялык мыйзамы кабыл алынып, өзгөртүлдү. Ага чейин мындай норма жок эле. Мыйзам эч качан артка иштебеш керек. Анткени, КР Конституциясынын 6-беренеси 5 — пунктунда: «Жаны милдеттерди белгилеген же жоопкерчиликти күчөткөн мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт»- деп көрсөтүлгөн” деп жазды ал.

Ошондой эле аны уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү дегени бул саясий буюртма экенин белгиледи:  

“Экинчиден, ИИМ тарабынан мени 2024-жылдан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп атап алышыптыр. Бул көрүнүшкө бир жагы күлөсүн бир жагы жиниң келет. Бул болсо, шайлоого жакын ак үйдүн кошоматчылары, сүмбүлдөрү тарабынан уюштурган саясий заказ деп эсептейм” деди Атазов.  

“Мамлекет үчүн жанын берип иштейм деген түз ою бар билимдүү жаштарды, улуттун патриотторун жасалма кылмыш ачып бутка чаап, коомду ушак менен ириткен мына ошол ак үйдөгү саясий кошоматчылар болууда. Алар учурда мени эле эмес, укук коргоо органдарына заказ берип опг мүчөсү деген жалаа коюу менен көптөгөн талапкерлерди да мен сыяктуу шайлоого аттануу укугунан мыйзамсыз ажыратышууда.

Өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик машинаны бизге каршы пайдаланууда. Өздөрүнүн (фейк, жүздөрү көрүнбөгөн айлык алып иштеген армиясы) менен монтаждалган видеолорду коюп алып, каралоо менен алектенип манчыркап олтурушат.

Биз, саясий заказды жокко чыгаруу үчүн мыйзам чегинде БШК нын чечими боюнча сотко кайрылабыз” деди Шайлообек Атазов.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №6 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Шайлообек Атазовду каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты