Шаардык сотто Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызы каралууда

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 15-январда, Бишкек шаардык сотунда Свердлов райондук сотунун Темирлан Султанбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн четке каккан чечимге карата арыз каралып жатат.

Бул тууралуу соттук процессти чагылдырууга барган «ПолитКлиниканын» кабарчысы Нурайым Нурдинова билдирди.

Тергөө абак жайынан Темирлан Султанбеков сотко алынып келинген жок. Медицина кызматкерлеринин текшерүүсүнөн кийин Султанбековду ооруканага жаткыруу талап кылынары айтылган. Маалыматка ылайык, узак мөөнөткө созулган ачкачылыктан улам, анын ден соолугу начарлап, сол буту жакшы иштебей калган.

Ошондой эле соттук процесстен фото жана видео тартууга тыюу салынды.

Адвокаты Айбек Турдуев айыптын оор эместигин, Султанбековдун тергөө ишинен качпагандыгын жана абалынын оордугун эске алуу менен баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч бергенин айтты.

Бүгүн, 15-январда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда “Социал-демократтар” партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбековдун соту болду.  Сот Султанбековдун өзүн соттук процесске катыштырбастан өткөрүлдү жана келтирилген үч өтүнүч тең четке кагылды.  

9-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевердин баш коргоо чарасы каралды. Райондук сот аларды 13-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.  

Сүрөт: Сот процесси өтүүчү жайдын алдында. 15-январь 2025-жыл. «ПолитКлиника» / Нурайым Нурдинова

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты