Абактагы Султанбековду сот отурумуна катыштырышкан жок. Сот үч өтүнүчтү тең четке какты
- 4 недели мурун
Бүгүн, 15-январда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда “Социал-демократтар” партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбековдун соту болду. Сот Султанбековдун өзүн сотко катыштырбастан өткөрүлдү жана үч өтүнүч тең четке кагылды.
Бул тууралуу анын адвокаты Айбек Турдуев «ПолитКлиника» медиасына билдирди.
-Бүгүн, Темирлан Султанбековдун соту болду. Темирлан Султанбеков №21 мекемеде жатып, башкы прокурорго үч жолу өзүнө кылмыш ишинин козголушу, бөгөт чаранын белгилениши жана кармалышы боюнча кайрылган. Башкы прокуратура тарабынан ал кайрылууга эч кандай реакция болгон жок. Биз Свердлов райондук сотуна башкы прокуратуранын эч кандай аракет жасабай жатканына даттанууга мажбур болдук. Сот отурумунун алдында Султанбековдон мага жазуу түрүндөгү ходатайство түштү, анда сот отуруму анын өзүнүн катышуусу менен өтүшүн суранган. Бирок сот ал өтүнүчтү четке какты, сот отурумуна ал катыштырылган жок,-деди адвокат Айбек Турдуев.
«Сот отурумунун жыйынтыгында, сот биздин өтүнүчүбүздү четке какты, бирок соттук териштирүү учурунда прокуратура тарабынан үч өтүнүч боюнча эч кандай иш-аракет болгон жок» деди Темирлан Султанбековдун адвокаты.
9-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевердин баш коргоо чарасы каралды. Райондук сот аларды 13-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Социалдык тармактагы баракчасынан.