Шаардык сот Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды
- 4 недели мурун
Бүгүн, 15-январда, Бишкек шаардык сотунда Свердлов райондук сотунун Темирлан Султанбековду 18-февралга чейин тергөө абагына калтыруу чечимине каршы доо арызы каралды. Шаардык сот Свердлов райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
«Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков абак жайынан сотко алынып келинген жок. Медицина кызматкерлеринин текшерүүсүнөн кийин Султанбековду ооруканага жаткыруу талап кылынары айтылган. Маалыматка ылайык, узак мөөнөткө созулган ачкачылыктан улам, анын ден соолугу начарлап, сол буту жакшы иштебей калган.
Ошондой эле соттук процесстен фото жана видео тартууга тыюу салынды.
Адвокаты Айбек Турдуев айыптын оор эместигин, Султанбековдун тергөө ишинен качпагандыгын жана абалынын оордугун эске алуу менен баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүч бергенин айтты.
Бүгүн, 15-январда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда “Социал-демократтар” партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбековдун соту болду. Сот Султанбековдун өзүн соттук процесске катыштырбастан өткөрүлдү жана келтирилген үч өтүнүч тең четке кагылды.
9-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевердин баш коргоо чарасы каралды. Райондук сот аларды 13-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Интернет булактарынан