Шаардык сот «ПолитКлиниканын» иликтөөчү журналисти Тыныстан Асыпбековдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты (Видео)

Бүгүн, 5-февралда Бишкек шаардык сотунда «ПолитКлиника» медиасынын иликтөөчү журналисти Тыныстан Асыпбековдун кармалышынын мыйзамдуулугун карады.

Шаардык сот Тыныстан Асыпбековдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Эске салсак, Тыныстан Асыпбеков 13-мартка чейин камакка алынган. Бул тууралуу чечимди 17-январда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарган.

«Бул кылмыш иш бир гана лингвистикалык экспертизанын корутундусу менен козголуп жатат. Мында Тыныстан Асыпбековдун тиешеси жок десек биздин сөзүбүзгө маани беришкен жок. Ал азыр башка жерде иштейт. Массалык башаламандыкка катыштыгы бар деген айып тагылууда» деген Тыныстан Асыпбековдун адвокаты Жаныш Бараков.

Иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков:

“Садыр Жапаров сот жана тергөө тармагында реформа болот деп убада кылган, бирок иш жүзүндө эч нерсе өзгөргөн жок. Кыргызстанда чынчыл соттор жок. Урматтуу соттор, макул, тергөө бир нерсени ойлоп тапты, бирок иш менен таанышып, мыйзамдуу чечим чыгара аласыңарбы? Бирок мени түрмөдө калтыраарыңар ансыз деле белгилүү”, — деди Тыныстан Асыпбеков сотто.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 16-январда, көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алынып барышы боюнча маалымат тараткан. 12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

«ПолитКлиника» медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбековдун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, аны ИИМдин тергөө башкармалыгына суракка алып кетишкен. Тыныстан Асыпбек уулу жапырт башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш ишине шеектелип жатат.

Кармалган 11 журналисттин баарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалды.

Кармалгандар аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Алар – «Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, «Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, «Темиров LIVE» редакциясынын мурдагы журналисти, учурда «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр «Алга Медианы» иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында «Темиров LIVE» каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып «ПолитКлиникада» иштеп жаткан Тыныстан Асыпбеков.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника». 5-январь, 2024-жыл.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты