«ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы Тыныстан Асыпбеков эки айга камалды (Видео)

«ПолитКлиника» медиасынын кабарчысы Тыныстан Асыпбеков (Тыныстан Асыпбек уулу) эки айга, 13-мартка чейин камалды.

Бул тууралуу чечимди бүгүн, 17-январда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.

Сот Тыныстан Асыпбековду 13-мартка чейин камакка алуу чечимин кабыл алды.

«Бул кылмыш иш бир гана лингвистикалык экспертизанын корутундусу менен козголуп жатат, мында Тыныстан Асыпбековдун тиешеси жок десек биздин сөзүбүзгө маани беришкен жок. Ал азыр башка жерде иштейт. Массалык башаламандыкка катыштыгы бар деген айып тагылууда» деди Тыныстан Асыпбековдун адвокаты Жаныш Бараков.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу камак жайына 48 саатка камалган журналисттердин баш коргоо чарасы каралганы жатат. Убактылуу камалгандарды сотко алып келишти.

Убактылуу жайга Temirov Live, «Айт Айт Десе», «ПолитКлиника» жана «Арча медиа» басылмаларынан 11 журналист 48 саатка камалган. Алар  Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу, Жоодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева, Акыл Орозбеков

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 16-январда, көз карандысыз бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, суракка алынып барышы боюнча маалымат таратты.

12-январда экспертизанын корутундусуна ылайык,  “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларына тиешелүү материалдарда жапырт башаламандыкка чакырыктардын белгилери  бар деп аныкталган. 

Журналисттер 278-берененин 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) боюнча шектелүүдө. Бул берене боюнча жаза 5 жылдан 8 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

«ПолитКлиника» медиасынын журналисти Тыныстан Асыпбек уулунун үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, аны ИИМдин тергөө башкармалыгына суракка алып кетишкен. Тыныстан Асыпбек уулу жапырт башаламандыкка чакырык боюнча кылмыш ишине шеектелип жатат.

Кармалган 11 журналисттин баарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалды.

Кармалгандар аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты