Шаардык сот Эрнис Жээнтаевди пробация режими менен абактан бошотуу чечимин чыгарды

  • 2 месяца мурун

Эркин гезиттердин дизайнери, активист Эрнис Жээнтаев Бишкек шаардык сотунун чечими менен төрт жыл пробация режими менен абактан бошотулду.

Социалдык тармактардагы билдирүүлөрдү адвокаты Нурбек Сыдыков ырастады.

Шаардык сот Эрнис Жээнтаевди кылмыш-кодексинин 332-беренеси экстремисттик материалдарды сактоо беренеси боюнча актады, ал эми массалык чакырыктар боюнча 278-берене күчүндө калтырылды.

Фейсбук колдонуучу, эркин гезиттердин дизайнери Эрнис Жээнтаев социалдык тармактагы сын пикирлери үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 13-февралда алты жылга эркинен ажыратылган.

Фейсбук колдонуучу Жээнтаев 2015-жылы 10-ноябрда милиция тарабынан кармалып, ага кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси, массалык баш аламандыктарга чакырыктар жана 332-беренеси, экстремисттик материалдарды сактоо негизинде кылмыш иши козголгон.

Маалыматтарга ылайык, Эрнис Жээнтаев 1985-жылы 24-январда туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин 2006-жылы аяктаган. “Ак билим” басмасында жана гезит редакцияларында дизайнер болуп иштеген.

Жээнтаев Фейсбук баракчасында өлкөдөгү сөз эркиндигин чектөөгө каршы, айыпсыз камоого каршы, өлкөдөгү ж.б. окуяларга сын пикирлерин билдирип жана башкалардын билдирүүлөрүн бөлүшүп келген.

Сүрөттө: Эрнис Жээнтаев. Социалдык тармактан  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты