Сентябрдын аягында Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталат

  • 2 года мурун

Сентябрдын аягында Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу башталат. Бул тууралуу мэриянын басма кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарындагы таштанды төккөн полигондо Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда өткөн көчмө жыйында калаа башчысы Эмилбек Абдыкадыров заводдун курулушу 1,5-2 жылдын ичинде аяктай турганын билдирди.

«Буга чейин мэрия бул маселени чечүү каалоосун билдирген бир нече эл аралык компания менен меморандумдарга кол койгон. Азыр келип түшкөн сунуштарды изилдеп, техникалык-экономикалык негиздемелерди иштеп чыгуу менен алектенүүдө» деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Айбек Жунушалиев Бишкек санитардык полигонунун (БСП) аймагында көчмө жыйын өткөрүп, ага шаардык кызматтардын жетекчилери жана «Эко-Тренд-Плюс» компаниясынын өкүлдөрү катышкан. Шаар бийлиги аталган компания менен 24-декабрда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде макулдашууга кол койгон. Анын алкагында таштанды ылгоочу, кайра иштетүүчү жана катуу тиричилик калдыктарын утилизациялоо заводун куруу пландалган.Жолугушуунун жүрүшүндө инвесторлор 5-январдан тартып ишине активдүү киришип, жаңы атайын техникаларды алып келүү, таштанды ылгоочу заводдун жабдууларын орнотуу боюнча даярдыктар башталарын билдирген.

2015-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) таштандыны рекультивациялоо жана жаңы полигон куруу демилгесин колдоп, объект 2021-жылдын июнь айында курулуп бүтөрү кабарланган. Жаңы полигондун аймагында таштанды ылгоочу завод куруу да  каралган. Бирок 2021-жылы октябрда ЕРӨБ бөлгөн 22 миллион доллардын 10,5 миллиону гана өздөштүрүлүп, бирок эч кандай иш аткарылбаганы аныкталган.

Мэрия борбордо таштанды заводун куруу планы тууралуу 2017-жылдан бери билдирип келет.

Кийинчерээк Башкы прокуратура жаңы санитардык полигон жана таштанды ылгоочу завод куруу боюнча долбоорду ишке ашыруудагы мыйзам бузууларга байланыштуу төрт кылмыш ишин козгогону белгилүү болгон. 

Сүрөт: RRE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты