​Бишкекте таштанды ылгоо заводу курулат

  • 5 лет мурун

Бишкек мэриясы апрель айында таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушуна тендер жарыялоого ниеттенип жатат.

Бул тууралуу «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Адилет Маматов билдирди.

Анын айтымында, май айында Бишкектин учурдагы таштанды полигонунан 500 метр алыстыкта жаңы таштанды төгүү жайы курула баштайт.

Ал 2020-жылы жазында пайдаланууга берилгенден кийин, анын аймагында таштандыларды ылгоо заводун курууга киришет.

Бул долбоордун жалпы суммасы 22 миллион еврону түзөт. Каражатты Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы бөлөт.

Анын жарымы грант, калган бөлүгү насыя катары берилет.

Завод пайдалуу ресурстарды, анын ичинде пластик, металл, курулуш жана органикалык таштандыларды ылгап чыгат.

Алар жеке кайра иштетүүчү заводдорго сатылат. Азырынча мэрия таштанды сатуудан канча акча иштеп таба тургандыгын эсептеен эмес.

Муниципалитет заводдун курулушу 2021-жылдын мартына чейин аяктайт деп пландап жатат.

Мэрия борбордо таштанды заводун куруу планы тууралуу 2017-жылдан бери билдирип келет.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты