Бишкекте таштандыны кайра иштетүүчү жаңы заводдун курулушу башталат

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Бишкек санитардык полигонунун (БСП) аймагында көчмө жыйын өткөрдү. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйынга шаардык кызматтардын жетекчилери жана «Эко-Тренд-Плюс» компаниясынын өкүлдөрү катышкан. Шаар бийлиги аталган компания менен 24-декабрда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде макулдашууга кол койгон. Анын алкагында таштанды ылгоочу, кайра иштетүүчү жана катуу тиричилик калдыктарын утилизациялоо заводун куруу пландалган.

Жолугушуунун жүрүшүндө инвесторлор эртең, 5-январдан тарта ишине активдүү киришип, жаңы атайын техникаларды алып келүү, таштанды ылгоочу заводдун жабдууларын орнотуу боюнча даярдыктар башталарын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты