Семетей Аманбеков: Журналисттерге карата маскарапоздукту токтоткула!

  • 2 года мурун

Журналист жана юрист Семетей Аманбеков иликтөөчү журналист  Болот Темировго жана анын командасына карата укук коргоо органдарынан маскарапоздукту токтотууну суранды.

-Орусияда журналист Иван Голуновду да дал ушундай ыкма менен кармашкан. Бизде да ошол ыкманы колдонуп жатышат. Кеч болуп кала электе укук коргоо органдарынан иликтөөчү журналисттерге мындай мамилени токтотууну суранабыз, -деди Аманбеков.    

Бүгүн, 22-январда, кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүзүүдө. Укук коргоочулар азыр да ал кеңседе.

«ПолитКлиника» медиасынын журналисттери жеринде билдиргендей, анда айтылган маалыматтарга караганда, Айгерим аттуу кыздын арызы боюнча Болот аттуу жаран аларды баңгизатты пайдаланууга мажбурлаган деп айтылууда.

Темиров-лайфтын журналисттеринин биринин айтымында, аларды тинтүү жакында жарык көргөн журналисттик иликтөөгө байланыштуу экендиги жашыруун эмес.

Temirov Live ютуб-каналында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен байланышы бар компания Кыргызстанда өндүрүлгөн мазутту чет жакка сатып, киреше таап жатканы тууралуу журналисттик иликтөө жарыяланган.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты