Секелек кыздын зордукталышы боюнча Акыйкатчынын кайрылуусуна Чүй облус милициясы жооп берди  

  • 1 месяц мурун

Сокулукта 13 жашар кызды 9 эркек бир жыл бою зордуктап келгендиги тууралуу Акыйкатчынын билдирүүсү боюнча Чүй облустук милициясы жооп берди.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери бул кылмыш иши боюнча иш-аракет жасабай жатат деген доомат негизсиз экенин билдирди.  

Малыматта айтылгандай, 2024-жылдын 23-январында Сокулук районуна 1983-жылы туулган С.Ч. кайрылып, анын 2009-жылы туулган Б.А. аттуу кызы 22-январда мектепке кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгы боюнча кайрылган. Бул факты райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.  

2024-жылдын 11-февралында Б.А. Сокулук айылында мейманканалардын биринен табылып, ички иштер бөлүмүнө алынып келинген. Ал бир нече жолу үйүнөн кетип жүргөнү аныкталган.   

Ага бир катар экспертиза дайындалып, кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси, секелек менен сексуалдык мөнөздөгү иш-аракеттерге баруу беренеси менен кылмыш иши козголгон.  

Бул кылмш ишине шектелген жарандар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгы маалымдалды.

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери бул кылмыш иши боюнча иш-аракет жасабай жатат деген доомат негизсиз.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бир жылдай убакыттан бери 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөн 13 жаштагы кыздын укугун коргоону камсыз кылуу үчүн Башкы прокуратурадан, ошондой эле ички иштер министрлигинен тез арада чара көрүүнү талап кылды.

Бүгүн, 20-мартта, кыздын ата-энеси Акыйкатчынын кабылдамасында болуп, жашы жете элек кызынын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты