Акыйкатчы 13 жаштагы зордукталып жүргөн кыздын укугун коргоого чакырды

  • 1 месяц мурун

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева бир жылдай убакыттан бери 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөн 13 жаштагы кыздын укугун коргоону камсыз кылуу үчүн Башкы прокуратурадан, ошондой эле ички иштер министрлигинен тез арада чара көрүүнү талап кылды.

Бүгүн, 20-мартта, кыздын ата-энеси Акыйкатчынын кабылдамасында болуп, жашы жете элек кызынын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн.

“Бул окуядан кийин кызымдын жашоосу талкаланды. Аны мектептин же үйдүн жанында жигиттер аңдып, «Ата-энеңе айтабыз» деп коркутуп келишкен. Кызымды тогуз эркек колдон колго өткөрүп, жыл бою зордуктап жүрүшкөн. Кызым үч жолу жанын кыюуга аракет жасаган» деп кызынын кандай кордук көргөнүн ыйлап айтып берди.  

Ушул жылдын январь айында кыз дайынсыз жоголуп, 20 күндөн кийин гана табылган. Ал кыз балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнө кандай кордуктан өткөнүн айтып берген.

Ошондо гана кыздын ата-энеси окуя тууралуу билип, милицияга арыз жазышкан.
Бирок Сокулук РИИБ тарабынан, жабыр тарткандардын айтуусу боюнча, ушул жылдын февраль айынан бери күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча аракеттер көрүлбөй жаткандыгын билдирди.

Белгилүү болгондой, 13 жашар кызды 2023-жылы апрель айында 20 жаштагы жигит алдап, унаасына салып кетип шаардын четине алып барып зордуктаган. Кызды окуя тууралуу бирөөгө айтпа деп коркуткан. Андан кийин талаада жалгыз таштаган. Анан кайра келип, кызды шок абалда Сокулукка алып келип, досуна «үйүнө жеткирип кой» деп таштап кеткен.

Кыздын психологиялык абалы оор, ага атайын адистердин жардамы керек болгон. Ал учурда ооруканада.

Зордуктап жүргөндөрдүн туугандары жабырлануучунун үй-бүлөсүнө кысым көрсөтүшүп, коркутуп-үркүтүп келишкен. Үй-бүлөдөгү башка балдарды да коркутушкан.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Сокулукта дагы эки жашы жете элек кыздын боюна бүтүп, «нике» кыйдырган. Экинчи кыз таенеси менен жашайт, ата-энеси — мигрант.

Акыйкатчы институту кыздын ата-энесине акысыз жактоочу берген, ошондой эле кызга жана анын үй-бүлөсүнө психологиялык жардам көрсөтүү чаралары көрүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты