Бишкектин “Жал” кичирайонунда 6-кабаттан кулаган кыз эсине келди
- 1 месяц мурун
Бишкектеги Жал кичи районунда көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынан кулап каза болгон келиндин 4 жашар кызы эсине келди.
Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Бишкекте эки баласы менен алтынчы кабаттан кулаган аялдын күйөөсү, А. М. А. аттуу жаран 4-июнга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Ленин райондук соту чыгарды.
4-апрелде кечке жуук Бишкектеги “Жал” кичи районунда көп кабаттуу үйдөн эки баласы менен аял кулап кеткен. 27 жаштагы келин эки жаштагы баласы менен ошол жерде жан берген. Төрт жаштагы наристе кызы ооруканага жеткирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (“Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү”) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишине шектелип, 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган.
Балкондон кулаган наристе өтө оор абалда ооруканага жаткырылган, жандандыруу бөлүмүндө жатат, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, балкондон кулаган наристе көптөгөн жаракаттарды алган.
Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги




