Санжар Муканбетов Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп дайындалды

  • 3 месяца мурун

Санжар Муканбетов мурдагы кызматынан бошотулуп, президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору болуп дайындалды.

Тескемеге Садыр Жапаров кол койду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.  

Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Канатбек Азиз 2023-жылдын 6-декабрында кызматтан бошотулган.

Бир ай мурда Санжар Муканбетов президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары-тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты