Президенттик администрацияда кадрдык өзгөрүүлөр орун алды

  • 5 месяцев мурун

Президенттик администрацияда бир катар кадрдык өзгөрүүлөр орун алды.

Канат Сагынбаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы-чечимдерди даярдоо башкармалыгынын орун басары кызматынан бошотулду.

Бул кызматка Сагынбаев 2023-жылдын 31-октябрында дайындалган.

Санжар Мукамбетов президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары-тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сүрөттө: Канат Сагынбаев. Интернет булактарынан.   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты