Наталья Никитенко Парламентти өнүктүрүү мекемесинин директору болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
Наталья Никитенко Жогорку Кеңешке караштуу «Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.
Бул тууралуу парламент сайтында маалымат жарыяланды.
Тиешелүү тескемеге Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кол койду.
Наталья Никитенко V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Сүрөттө: Наталья Никитенко. kenesh.kg
Муну бөлүшүү




