Салык кызматынын төрагасы болуп Алмамбет Шыкмаматов дайындалды
- 2 месяца мурун
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президенттин жардамчысы Алмамбет Шыкмаматов финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды.
Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Фискалдык органдын жамаатына жаңы жетекчини Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырды.
Шыкмаматов Алмамбет президенттин жардамчысы болуп дайындалган. Юстиция министри болуп да иштеген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев «Салык кызматынын жетекчилери жасаган кылмыштуу схема мамлекетке 500 млрд сомго жакын зыян келтиргенин» билдирди. Жыйында Ташиев мафиялык структураны ачык түшүндүрүп, аны профессионалдуу даярдалган кылмыш деп атады.
«Мафиялык бул система электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын (ЭТТК) товарларга коюлушу менен түшүндүрүлөт. Жаңы товарга ЭТТК коюлуп, анан сатылат. Салык кызматкерлери товарды «кайра кайтарылды» деп, ордуна кийинки товарды чыгарып кете беришкен. Негизи ар бир кайтарылган товар боюнча акт түзүлүп, себеби жазылышы керек. Биздин текшергенибиз боюнча, миллион ЭТТК кайтарылган. Алардын эч бири салык кызматынын жетекчиси тарабынан текшерилген эмес. Андан салык кызматын башчылары коррупциялык үлүшүн алып турушкан» деген ал.
УКМКнын жетекчисинин айтымында, жалпы чыгым болжол менен 500 млрд сомго жакын. Ал мындай контрабанданын эсебинен 30 млрд сомго чейин салык төлөнбөй калгандыгын кошумчалады.
Эске сала кетсек, 6-декабрда УКМК Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун жана анын орун басары Ислам Кыдыргычевдин кармалганын билдирген. Маалыматта тергөө иштеринин натыйжасында аталган жетекчилердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталганы айтылган.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Абдувапов Алтынбек кызмат ордунан тергөө мезгилинде убактылуу четтетилди. Ошондой эле анын орун басары Исламбек Кыдыргычов да убактылуу бошотулду.