Салык кызматынын экс-башчысы Абдуваповдун жана орун басары Кыдыргычовдун камактагы мөөнөтү узартылды    

  • 12 месяцев мурун

Салык кызматынын мурдагы башчысы Алтынбек Абдуваповдун жана орун басары Исламбек Кыдыргычовдун камактагы мөөнөтү 20-октябрга чейин узартылды.

Бул тууралуу чечимди Бишкек шаарынын Ленин райондук соту кабыл алганын шаардык соттун басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылы 6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирүү таратып, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов менен орун басары Исламбек Кыдыргычовдун кармалганын тастыктады. Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси менен орун басары УКМК тарабынан суракка алынып, андан кийин камалганын жазып чыгышкан.

УКМК маалыматында тергөө иштеринин натыйжасында аталган жетекчилердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталганы айтылган.

Сүрөттө: Салык кызматынын экс-төрагасы Абдувапов жана анын орун басары Кыдыргычов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты