Саламаттык сактоо министрлигинин дагы үч кызмат адамы кармалды

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министринин орун басары У. Бектурганов, республикалык эмдөө борборунун директору Г. Ишенапысова жана дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин бөлүм башчысы С.Сатарбеков кармалды.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин жана өкмөттүн кызмат адамдары “COVID-19” илдетине каршы вакцина сатып алуудагы коррупция фактысы боюнча кылмыш иштин алкагында кармалганы кабарланды.

Кылмышка өкмөт мүчүлөрүнүн жана башка кызмат адамдарынын тиешеси иликтенип жаткандыгы кабарланды.

Буга чейин башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалганын кабарлаган.

Алымкадыр Бейшеналиевге жети кылмыш иши козголгону айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты