Саламаттык сактоо министрлиги үч ай ичинде накталай эмес төлөмгө өтүүнү көздөөдө

  • 1 год мурун

Саламаттык сактоо министрлиги үч ай ичинде накталай эмес төлөмгө өтүүнү көздөп жатат.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Гүлнара Батырова 17-мартта өткөн кеңешмеде билдирди.

 -Тилекке каршы, өткөн күнү биз саламаттыкты сактоо уюмунун жетекчиси катышкан жагдайга күбө болдук. Албетте, бир нерсе деп айтууга эрте, буга тергөө жана компетенттүү органдар чекит коёт, -деди ал.

Министр саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине үч айдын ичинде накталай эмес төлөмгө өтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү жана бейтаптар менен накталай төлөмдөрдү жүгүртүүнү жокко чыгарууну тапшырды.

Министр ошондой эле жарандарды коррупцияга каршы күрөшкө тартуу механизмин иштеп чыгууу жана санариптик чечимдерди колдонуу менен медициналык тейлөөнүн сапатына канааттанууну жогорулатууну тапшырды.

Министр өзгөчө бейтаптарды ташуудагы коррупциялык компоненттерге, негизсиз анализдерди дайындоону жокко чыгарууга басым жасап, медицина кызматкерлери тарабынан этикага жатпаган маркетингдин бардык түрлөрүн токтотууну тапшырды.

Улуттук госпиталдын башкы врачы Токтобай Маанаев ъч күн мурун коррупцияга шектелип кармалган.

Маалыматта госпиталда башкы врач коррупциялык схема уюштурганы тууралуу айтылат. Улуттук госпиталдын медициналык кызматкерлеринен акча жыйноонун 20дан ашык фактысы аныкталган. 

Аудитордук текшерүүдө 2022-жылдагы тендердик жыйынтык боюнча бюджетке 36 млн 205 791 сом зыян келтирилгени аныкталган. Ошондой эле дары-дармек сатып алуунун шартын бузуу менен бюджетке 11 млн 723 миң сом зыян болгон.

Сүрөт: Министрликтеги кеңешме учурунан. Министрликтин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты