Корррупцияга шектелип, Улуттук госпиталдын башкы врачы кармалды

  • 1 год мурун

Улуттук госпиталдын башкы врачы коррупцияга шектелип кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Улуттук госпиталдын башкы врачы- Токтобай Маанаев болуп эсептелет.

Маалыматта госпиталда башкы врач коррупциялык схема уюштурганы тууралуу айтылат. Улуттук госпиталдын медициналык кызматкерлеринен акча жыйноонун 20дан ашык фактысы аныкталган. Жетекчи өзү иш жүзүндө дарылап иштеп жаткан врач болбогондуктан, бөлүм башчыларга, врачтарга адам чыдагыс шарттарды коюп, кардарлардан акча доолатып алып, аны башкы врачка берүүгө мажбурлаган. Бир ирет боло калчу акча чогултуулар да кездешкен.

Аудитордук текшерүүдө 2022-жылдагы тендердик жыйынтык боюнча бюджетке 36 млн 205 791 сом зыян келтирилгени аныкталган. Ошондой эле дары-дармек сатып алуунун шартын бузуу менен бюджетке 11 млн 723 миң сом зыян болгон.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты