Садыр Жапаровдун Орусияга расмий сапары:  Министр Кулубаев комментарийледи (Видео)

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон сапары тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу президенттик администрация жарыя кылды.   

-Кыргызстан менен Россиянын ортосунда эч кандай саясий түшүнбөстүк жок. Саясий түшүнбөстүк жок болгондон кийин бизде эки тараптуу соода-экономикалык, гуманитардык байланышты толук өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат. Ошондуктан эки тараптуу саясий диалогдун өнүгүшү, парламенттик байланышты өнүктүрүү, андан тышкары эки элдин ортосунда достукту чыңалтуу боюнча көп сөздөр болду. Мындан тышкары эки мамлекет эл аралык платформаларды, БУУ, ОБСЕ, ОДКБ, ШОС, КМШ платформаларында дагы бири-бирибизди түшүнүп, бири-бирибизди колдоо боюнча да сүйлөшүүлөр болду. Негизги сүйлөшүү – эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык байланыш,-деди ал.

Президент Садыр Жапаров 8-майда Москвага жасаган расмий сапарынын алкагында Орусиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.  

Мамлекет башчы 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат.  

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты