Садыр Жапаров Мисирге расмий сапар менен барды

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров 4-ноябрда Египетке расмий сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

Мамлекет башчынын учагы Каир шаарынын «Каир» эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Мисирдин илим берүү жана илимий изилдөө министри Мохамед Айман Ашур жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропортто Кыргызстандын жана Мисир өлкөсүнүн мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилген.

Мурда кабарлангандай, Садыр Жапаров менен президент Абдель Фаттах Ас-Сисинин ортосунда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылууда, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Экономика, айыл чарба, инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу каралган, алар кыргыз-мисир мамилелеринин мындан ары өнүгүшүнө негиз түзөт.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты