Мисирге сапар: Бир катар документтерге кол коюлду
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаровдун Мисир Араб Републикасына болгон расмий сапарынын жыйынтыгында 5-ноябрда кыргыз-мисир биргелешкен өз ара аракеттенүүсүн арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.
Төмөнкү документтерге кол коюлду:
— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Мисир өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу;
— Министрлер кабинети менен Мисир өкмөтүнүн ортосундагы экономикалык, илимий жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
— Айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
— Жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
— Энергетика министрлектеринин ортосундагы электр энергиясы жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Инвестициялар боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик менен Мисир вакф (кайрымдуулук) министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Улуттук банк менен Мисир Борбордук банкынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
Сүрөттө: Садыр Жапаров Мисирдин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен жолугушуу учурунда. president.kg




