Садыр Жапаров Владимир Путин менен жолугушту

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-майда, Москвага жасаган расмий сапарынын алкагында Орусиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.   

Маалыматта айтылгандай, Владимир Путин Садыр Жапаровдун расмий сапары Жеңиш майрамынын алдында өтүп жатканы өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи. Ал Улуу Ата Мекендик согушта 360 миң кыргызстандык фронтко аттанып, жарымынан көбү кайтпай калганын эске салды.

“Сиз Ржев шаарында Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы менен бирге болуп, ал жерге гүл коюп, фронттун ушул бөлүгүндө курман болгондордун элесине таазим кылганыңызды билебиз”, — деп кошумчалады Владимир Путин.

Орусия Президенти ошондой эле өлкөлөр ортосундагы кызматташтык азыр өсүү жолунда экенин, буга акыркы бир жылда товар жүгүртүүнүн 37 пайызга өсүүсү далил экенин белгиледи.

Ошону менен бирге Владимир Путин Россия Кыргызстан үчүн түз капитал салуу боюнча эң ири инвестор экенине токтолуп, бул тенденция күч ала тургандыгына ишеним билдирди.

Президент Садыр Жапаров өз кезегинде Владимир Путинге Россияга чакыргандыгы жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Биз келечек муундардын эркиндиги үчүн оор аскердик сыноолорду башынан өткөргөн аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын эрдигин эч качан унутпайбыз. Алардын элеси ар дайым сакталат”  деди Жапаров.

Өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө биргелешкен диалогду улантууну макулдашышты.

Мамлекет башчы 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты