Садыр Жапаровду Москвада тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, расмий сапар менен Москва шаарына барды. Мамлекет башчысынын учагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди. Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Мындан тышкары мамлекет башчы 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат. 

Расмий сапардын алкагында мамлекет башчы Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле Россиянын башка расмий өкүлдөрү менен да жолугушат, бир катар иш-чараларга катышат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты