Садыр Жапаров: “Жарандарыбыздын алмашылган айылдарын таштап кетиши кыйын болуп жатат”
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу биздин жарандарыбыздын алмашылган айылдарын таштап кетиши кыйын болуп жатканын айтты.
“Албетте, биздин жарандарыбыздын алмашылган айылдарын таштап чыгып кетиши кыйын болуп жатат. “Киндик каныбыз тамган жер, ата-бабаларыбыздын сөөгү жаткан жер” деп арман кылышууда. Тажикстандын биз тарапка өткөн айылдарынын жашоочулары деле дал ушул сөздү айтышууда. Эки тарпка тең кыйын. Бирок эки мамлекеттин ортосундагы чек ара маселеси чечилип жатканда бир айылдын кызыкчылыгы өтпөйт. Жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турат.
Биздин ата-бабаларыбыздын сөөгү кайда гана калган эмес. Бул жагы Алтай, Энесай, Кызыл-Жарда, тигил жагы Кулжа, Үрүмчү, Бээжинге чейин жатат.
Достук айылынан тышкары, чек ара тилкесинде шахматтын тактасындай жайгашып калган бирин-серин үйлөр да алмашылды. Себеби чек аранын зым тору тартылганда түз тартылышы керек. Антпесе келечекте эки тараптын тең чек арачыларына чек араны көзөмөлдөө кыйынга турат.
30 жылдан бери эки тараптан дал ушул чек ара жаңжалынан миңдеген жарандар окко учту. Мамлекет үйлөрү алмашылган жарандарыбыздын баарын көңүл сыртында калтырбайбыз. Азыркы үй-жайларынан алда канча жакшы шарттары менен, жаңы, заманбап үйлөрдү салып беребиз. Толук маалыматты 19-мартта Жогорку Кеңеште Камчыбек Кыдыршаевичтен угасыздар» деди Садыр Жапаров.
Бүгүн, 13-мартта, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Биргелешкен билдирүүгө, Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюшту.
Сүрөт: Кыргыз-тажик чек ара келишимине кол коюу учуру. 13-март 2025. president.kg