Кыргызстанга «Airbus А321ceo» үлгүсүндөгү эки учак сатып алуу келишимине кол коюлду

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 5-мартта, президенттик администрацияда «Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коому менен BBAM Aircraft Leasing & Management компаниясынын ортосунда Кыргызстанга «Airbus А321ceo» үлгүсүндөгү эки учак сатып алуу келишимине кол коюлду. Ага ылайык, эки учак жыл аягына чейин өткөрүлүп берилет.  

Келишимге “Кыргызстан аэропорттору”  башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов жана BBAM Aircraft Leasing & Management компаниясынын улук вице-президенти Морис Прендергаст кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүнкү жетишилген макулдашуулар эки тараптуу ишенимдин, ачык диалогдун жана узак мөөнөттүү кызматташууга умтулуунун жыйынтыгы экенин белгиледи.  

Адылбек Касымалиев 2021-2025-жылдар ичинде аэропорттордо тейленген ички жана тышкы аба каттамдарында жүргүнчүлөрдүн саны 52%дык өсүштү көрсөткөнүн, ал эми аткарылган аба каттамдары 53%дык өсүш камсыздалганын билдирди.

2021-жылы өлкө аймагы боюнча 5 аэропорт иш алып барса, бүгүнкү күнү мамлекеттеги бардык аэропорттор иштеп жатат.

-Акыркы аудиттин жыйынтыгы боюнча авиациялык коопсуздуктун натыйжалуулук көрсөткүчү 85,76%ды түзүп, мурунку көрсөткүчтөргө салыштырмалуу олуттуу өсүштү камсыздады. Бул жетишкендиктер Кыргызстанды Европа Биримдигинин Коопсуздук тизмесинен чыгарууга реалдуу өбөлгөлөрдү түзүүдө. Жакынкы күндөрү Европа комиссиясы тарабынан акыркы аудиттин өткөрүлүшү күтүлүүдө жана ал бул максатка жетүү жолундагы маанилүү этап болуп саналат, — деди Касымалиев. 

Airbus Europe компаниясынын президенти Йохан Пелиссье алдыдагы биргелешкен ири долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырууда Кыргызстандын авиация тармагынын өкүлдөрү менен түз диалог түзүлүп жатканын, авиация тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүдөгү кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди. 

Airbus А321ceo үлгүсүндөгү эки даана учакты “Кыргызстан аэропорттору” ачык акционердик коомуна өткөрүү иштери 2026-жылдын аягына пландалууда.

Кыргызстанга "Airbus А321ceo" үлгүсүндөгү эки учак сатып алуу келишимине кол коюлду

Учактар «Асман Эйрлайнс» компаниясына берилет.

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты