Садыр Жапаров: Жанар иним, ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров БШКнын акыркы чечимине ылайык, Жогорку Кеңеш депутаттыгына өтпөй калган Жанар Акаевге Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди.

Президент Садыр Жапаров минтип жазды:

-Ар кандай саясий маселелерге байланыштуу ушак сөздөргө көңүл бурбай, жооп бербей эле коеюн дедим эле. Бирок айрым учурларда жооп бербесең, калктын калың катмары мындай чындыкка коошпогон кептерден күмөн санап, айрымдары болсо ишенип алышат экен.

Айлана-чөйрөмдөгүлөр “жооп бербей эле коюңуз, буларга жооп бериш сиздин деңгээл эмес” деп чыгышат. Мен жалпы элге мурдагылардын катасын кайталабайм деп сөз бергем. Мурдагылар айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн сөздөрүнө кирип жүрүшүп, «чын эле менин деңгээлим эмес» деп, коомчулукта чуу жараткан маселелерге жооп да бербей, түшүндүрмө да бербей келишип, акыры калктын калың катмарынын нааразычылыгына кабылышты.

Жыйынтыгында үч жолу ыңкылап болду.

Эми кечээги Жанар Акаевге байланыштуу маселе боюнча. Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо. Тескерисинче, БШКнын төрайымы Н. Шайлдабековага кимдир- бирөөлөр барып, “Президент менен макулдаштык, Жанар Акаевди колдоп койсун деди”, — дешиптир. Мен Н. Шайлдабековага “бир гана мыйзам талабы жана адилеттүүлүк менен чечкиле, эч ким силердин ишиңерге кийлигишпесин” дедим. Ким барганын, атын да сураганым жок. Аны БШК төрайымы өзү айтсын.

Биз шайлоо башталгандан бүгүнкү күнгө чейин БШКнын бир дагы ишине кийлигишпедик. Мыйзамсыз чечим чыгарышса, өздөрү керт баштары менен жооп беришет. Башынан эле ушундай талап коюп келе жатам.

Андан ары Президент Садыр Жапаров Токтобүбү Оргалча тууралуу жана анын Айгүл Жапаровага байланышы бар деген сөздөргө жооп берди:

-Ал эми Токтобүбү Оргалча боюнча. Ушундай талапкер бар экенин ушул тема чыкканы билдик. Токтобүбү айымды Айгүл Жапарова эмес, атасы да тааныбайт. Мурда «Эл үмүтү» партиясына чаптап жүрдүңөр эле, эми «Альянс» партиясына чаптайсыңарбы? «Альянс» партиясы өздөрүн оппозициялык партиябыз деп жүрүшпөйбү?

Айгүл Жапарова депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир уборщицаны да кызматка койгон жок жана койбойт дагы. Анын бир эле иши бар – жетим- жесирлерге жардам берүү.

Мындан ары ушундай ушактардан алыс болушуңуздарды суранамын. Эң кызыгы бир ай бою жетелешип алып, эл кыдырып, бири-бириңерди оозуңар талганча мактап жүрүп, анан эми бүгүн кайра “шпион, уйгур, четтен келген” деп жамандап калганыңар Кудайга да жакпайт.

Ал эми аялдардын квоталары боюнча. Баарыңар эсеп-чотту жакшы билесиңер. Комиссия түзүп барып БШК менен биргеликте санап чыккыла. Мыйзам боюнча 30 пайыздан кем эмес аял болуш керек деп турат. Эгер 30 пайыздан ашып кетип, анан эле БШК Жанардын мандатын тартып алып, туура эмес чечим чыгарып жаткан болсо, анда иш козгоп, жоопко тарталы!-деди Садыр Жапаров.

5-декабрда, Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү деп тааныды. “Альянс” партиясынан депутаттык мандат бериле тургандардын арасында Жанар Акаев жок болуп чыкты. Анын ордуна аялдардын квотасы боюнча Токтобүбү Оргалчага берилген.

15-декабрда, кабыл алган жобого ылайык, үч мандат алган партиядан — 1, жети мандат алган партиядан — 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобо менен жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.

Жаңы кабыл алынган жобого ылайык,  “Альянс” партиясынан 4 977 добуш алган Жанар Акаевге эмес, 1 284 добушка ээ болгон аял талапкер — Токтобүбү Оргалчага мандат бериле турган болду.  

Жанар Акаев БШКнын чечимин карата мындай пикирин билдирген:

«БШКнын шайлоого чейин кабыл алган жобосунда, партия 7 мандат алса, экөө аял болот деп так жазылган. Мыйзамды жөнгө салчу эрежени 13-декабрда БШКнын жетекчилиги түнкүсүн мүчөлөрүн чогултуп, басым кылганына карабастан мүчөлөрү каршы болуп, токтомду өзгөртүү сунушу өтпөй калган. Аны менен тынчыган жок. Кайра добушка коюп жатып эптеп өткөрдү, бир гана «Альянска», анын ичинен мага гана тиешелүү маселени БШК атайын өзгөрттү. Адамга карата да эреже жазылабы, тообо! Шайлоо бүтүп, кимдер өткөнү жарыя болгондон кийин да токтомду өзгөрткөнү акылга сыйгыс көрүнүш».

28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Садыр Жапаров: Жанар иним, ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо
Президент Фейсбук баакчасына ушул сүрөттөрдү жарыялады

Садыр Жапаров: Жанар иним, ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты