Жанар Акаев мандатынын Токтобүбү Оргалчага бериши боюнча комментарий берди

  • 2 года мурун

«Альянс» партиясынын тең төрагасы Жанар Акаев Борбордук шайлоо комиссиясынын 30% гендердик квотаны сактоо боюнча жобону өзгөртүүсү боюнча комментарий берди.

Анда ал БШКнын эрежени шайлоо өткөндөн кийин өзгөртүүсү күмөн ой жаратканын айтып, бул эч бир логикага жатпай тургандыгын билдирген.

«БШКнын шайлоого чейин кабыл алган жобосунда, партия 7 мандат алса, экөө аял болот деп так жазылган. Мыйзамды жөнгө салчу эрежени 13-декабрда БШКнын жетекчилиги түнкүсүн мүчөлөрүн чогултуп, басым кылганына карабастан мүчөлөрү каршы болуп, токтомду өзгөртүү сунушу өтпөй калган. Аны менен тынчыган жок. Кайра добушка коюп жатып эптеп өткөрдү, бир гана «Альянска», анын ичинен мага гана тиешелүү маселени БШК атайын өзгөрттү. Адамга карата да эреже жазылабы, тообо! Шайлоо бүтүп, кимдер өткөнү жарыя болгондон кийин да токтомду өзгөрткөнү акылга сыйгыс көрүнүш».

Саясатчы БШКнын бул чечими боюнча партиялашы Токтобүбү Оргалчаны айыптабай тургандыгын билдирип, маселе БШКда экендигин белгилеген.

«Мен жаңы саясий маданиятты калыптандырууну каалаган саясатчылардын биримин. Гендердик баланс, аялдардын квотасы үчүн күрөшүп, азыркы мыйзамдарды колдогом», — деп билдирген Акаев.

Мындан тышкары ал партиялык баалуулукту жогору коюп, саясий ишмердигин уланта берерин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы 15-декабрда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун өзгөрткөн. Ага ылайык, үч мандат алган партиядан — 1, жети мандат алган партиядан — 3 аял депутат келет. Буга чейинки жобого ылайык, жети мандат алган партиядан эки аял депутат келмек.

Бул өзгөртүү жети мандат алган «Альянс» партиясына тиешелүү болуп, талапкер Жанар Акаевдин ордуна аял талапкер Токтобүбү Оргалчанын мандат алары айтылды.

Буга чейин БШКда жобону өзгөртүү боюнча эки жолу добуш берилип, эки жолу тең колдоо тапкан эмес. Бул жолу шайлоо комиссиясынын айрым мүчөлөрү өз позициясын өзгөрткөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты