Садыр Жапаров Вячеслав Володин менен жолугушту

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, Ржев шаарында Россиянын Мамлекеттик Думасынын федералдык жыйынынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелери, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди тереңдетүүдөгү парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн ролу боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Садыр Жапаров менен, Россия Кыргыз Республикасы менен бардык чөйрөнү камтыган ар тараптуу мамилелерди баалай турганын белгиледи.

Ал өнүгүү үчүн бардык күч-аракетти жумшоо менен Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген достук мамилелерди мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошону менен бирге Вячеслав Володин эки тараптуу кызматташтыктагы оң динамиканы белгиледи. Негизинен бул соода-экономикалык чөйрөдө.

Мамлекет башчы парламенттик дипломатия эки тараптуу мамилелердин ажырагыс бөлүгү жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди сактоо жана өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү курал экенин белгиледи.

Садыр Жапаров эки өлкөнүн парламенттер аралык кызматташтыгынын потенциалы чоң экенин белгилеп, бул багыттагы иштер мындан ары да уланат деген ишенимде.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчы Кыргызстан салттуу түрдө Россия менен соода-экономикалык мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын Россия менен тышкы соода жүгүртүүсү рекорддук деңгээлге жетип, үч миллиард АКШ долларынан ашканы белгиленди.

Расмий сапардын алкагында мамлекет башчы Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле Россиянын башка расмий өкүлдөрү менен да жолугушат, бир катар иш-чараларга катышат.

Мамлекет башчы 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат. 

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты