Марлен Маматалиев Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушууда мигранттар маселесин көтөрдү
- 2 месяца мурун
26-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Россиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, төрага Марлен Маматалиев Коопсуз, мыйзамдуу жана тартипке салынган миграцияны камсыз кылуу, «Амина» санариптик каттоосун кеңейтүү, эмгек мигранттарынын үй-бүлөлөрү үчүн медициналык камсыздандыруу шарттарын жакшыртуу, мектепке кабыл алуудагы тестирлөөдөн кыргызстандык окуучуларды бошотуу, өлкөдө жүрүү мөөнөтүн узартууну жөнөкөйлөтүү, ЕАЭБ алкагындагы жеңилдиктерди сактоо, айрыкча жүк ташуучуларга тоскоолдуктарды жоюу.
Өз кезегинде Россиянын Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин кызматташуунун ар кандай форматтарын колдонуу аркылуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүнү мындан ары да жигердүү улантуу керектигине токтолду.
«Көп жагынан эки мамлекеттин алакасындагы динамиканы өлкө башчылары аныктайт. Бирок биз дагы өз тарабыбыздан жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан колдоо жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошумча түрткү берүү үчүн бардык аракеттерди көрүшүбүз керек» деди Вячеслав Володин.
Сүрөт: kenesh.kg




