Президент Жапаров Орусияга учуп кетти

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, расмий сапар менен Москвага учуп кетти. 

Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы маалымдады.

Сапардын жүрүшүндө Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр күтүлүүдө. 

Садыр Жапаровдун башка расмий адамдар менен жолугушуусу пландалган. 

Мындан тышкары мамлекет башчысы 9-майда ардактуу конок катары Москвадагы Жеңиш парадына барат. 

Расмий делегациянын курамы: 

Адылбек Касымалиев – Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;

 Жээнбек Кулубаев – тышкы иштер министри; 

Муратбек Азымбакиев – президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы; 

Гүлнара-Клара Самат — Россиядагы элчи;

Марат Иманкулов — Коопсуздук кеңешинин катчысы; 

Аскарбек Жаныбеков — айыл чарба министри; 

Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министри;

Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри; 

Кудайберген Базарбаев — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри; 

Таалайбек Ибраев — энергетика министри; 

Нурдан Орунтаев — Бишкек шаарынын вице-мэри.

Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ушул жылдын 8-майында расмий сапар менен Орусияга барары кабарланган.

КМШ мамлекеттиринин ичинен Млсквадагы Жеңиш парадына Владимир Путиндин да келиши күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты