Садыр Жапаров: “Тик учактарды мамлекет жеке жактарга ижарага берет экен деп трагедия жасаштын кажети жок”

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров 14-декабрда “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде өзгөчө кырдаалдар министрлигине сатып алынган тик учак тууралуу суроого жооп берди.   

-Ушул жерде белгилей кетчү нерсе, тик учактарды мамлекет жеке жактарга ижарага берет экен деп трагедия жасаштын кажети жок. Мисалы, өткөндө бир ишкер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагын ижарага алып, Чаткалга барып келсе, “ар ким той-топурга учсун деп алдык беле, бул тик учакты?” деп сындап чыккандар болду. Бул жерде тик учакты ижарага алып, төлөгөн акчалар мамлекетке түшүп жатканын түшүнүшүбүз зарыл. Башка жеке компаниялардан жалдап, каражат жеке жактарга түшкөнчө, мамлекеттин казынасына түшкөнү жакшы эмеспи. Андыктан, биз “мамлекеттин тик учагын мамлекет эле колдонуп, башка учурда жөн эле токтоп тура бериши керек” деген ой-жүгүртүүдөн кетишибиз керек” деди Жапаров.

Ошондой эле жаңы жылдан кийин Россиядан жардам катары да тик учак келээрин билдирди:    

-Мындан сырткары, аскерий тик учактарыбыздын баарын оңдодук. Кудай буюрса, Россиядан жаңы жылдан кийин дагы бир жаңы МИ-8 МТВ тик учагы жардам катары келет. Ушинтип, колдон келишинче эскисин жаңылап, жаңысын сатып алып жатабыз,-деди мамлекет башчы.

Кыргызстан дагы бир Airbus H145 тик учагын сатып алганы маалым болуп, 11-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен сыноодон өткөрүлдү. Маалыматта Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылгандыгы айтылат. Жаңы техниканы колдонуу кырсыктардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берээри айтылган. Ошол эле учурда жеке жана юридикалык жактар да бул тик учакта белгиленген төлөм менен коммерциялык максатта уча алышары, бул максаттан түшкөн каражат өлкөнүн бюджетине түшөрү маалым болгон.

Ушул жылдын август айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникалар тапшырылган, анын ичинде төрт жүргүнчү орунга эсептелген Airbus H-125 дагы бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилген тик учак менен эки ай мурда Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Кыргызстандагы эң бай деп саналган Азамат Арапбаев Чаткалга кайын атасынын тоюна барганы, ӨКМге берилген тик учак жеке тойлорго колдонулуп жатканы сынга алынган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты