Өзгөчө кырдаалдар министрлигине дагы бир тик учак сатып алынды

  • 1 год мурун

Кыргызстан дагы бир Airbus H145 тик учагын сатып алды. Тик учак бүгүн, 11-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен сыноодон өткөрүлдү.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, тик учак республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүлдү.

«Airbus H145 эң акыркы навигация жабдуулары, автопилот, TAS 620 жолдогу жагдайды эскертүү системасы, кошумча абаны тазалоо системасы жана башкалар менен жабдылган. Жаңы техниканы колдонуу кырсыктардын алдын алууга жана алардын кесепеттерин жоюуга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү убактысын кыскартууга мүмкүндүк берет,» — деп айтылат маалыматта.

Президенттик администрациядан тик учакты жеке жана юридикалык жактар дагы акысын төлөп колдоно алышарын белгилешкен.

Маалыматта Орусия Кыргызстанга МИ-8 МТВ маркасындагы тик учакты гранттык негизде берери тууралуу макулдашылганы айтылат.

«Мындан тышкары учурда Коргоо министрлигинин тик учактарын капиталдык оңдоо иштери аяктап жатат. Муну менен Кыргызстанда вертолеттук авиация тармагынын өсүүсү уланууда», — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, ушул жылдын августунда өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы атайын техникалар тапшырылган, анын ичинде төрт жүргүнчү орунга эсептелген Airbus H-125 дагы бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты