Садыр Жапаров Текебаевди сабагандарга бийликтин тиешеси жок экенин айтты

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров aryba.kg сайтына курган маегинде «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге болгон кол салуу тууралуу суроого да жооп берди.

Өлкө башчы шайлоого байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) ызы-чуу басылбай жатканда ага бул окуянын кереги жок экенин айтып, «саясатчыга кол салуунун артында бийлик турат» деген сөздөрдү четке какты.

«Текебаевди сабап, телефонун алып кетишкендер жөнөкөй эле карапайым балдар болуп чыгышты. Көп өтпөй муштаган бала кармалды. Камакка алынды. Текебаевдин телефону кайтарылды. «Жөн гана Текебаевге жинибиз келип, «сен тажаттың» деп митингден кубалаганы келген элек» деп көрсөтмө берип жатышат. Биз башында окуя болор замат «Текебаев өзү атайын уюштуруп жаткан жокпу?» деп ойлодук эле. Текебаев болсо «бийликтин заказы» деп чыкты. Бирок эки жактын тең тиешеси жок, жөн гана жек көрүүдөн улам «митингден кубалайбыз» деп келишкен тентектер болуп чыкты», — деген Президент.

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкекте албууттанган топ кол салган. Алар саясатчынын уюлдук телефону менен көз айнегин алып кеткен.

Муну «саясий террор» деп, өзүнүн ишмердиги жана шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырган Текебаев Бишкектин Биринчи май райондук Ички иштер бөлүмүнө арыз жазып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Текебаевге кол салуунун артында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети турат деген сөз тарап, атайын кызмат муну четке каккан.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын бири кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Шектүү Чүйдүн тургуну. 2-декабрга караган түнү милицияга жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал өз каалоосу менен Текебаевдин телефонун тартип сакчыларына тапшырган. Кармалган жаран иш кылмыш-кодексинин 96-беренеси боюнча шектелүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты