Садыр Жапаров Түркиядагы тик учак кырсыгына байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты
- 2 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга тик учактын кырсыгынан адамдардын каза болушуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“Түркия Республикасынын Мугла провинциясында медициналык тез жардам тик учагы Мугла провинциясындагы окуу жана изилдөө ооруканасынын имаратына кулап, анын кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам” деп айтылат телеграммада.
Түркиянын түштүк тарабындагы Мугла аймагында, тик учак окуу-изилдөө ооруканасы имаратына кагылып, 4 киши каза тапты.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү