Түркия: Тик учак кырсыгынан төрт адамдын өмүрү кыйылды
- 2 месяца мурун
Түркиянын түштүк тарабындагы Мугла аймагында, тик учак окуу-изилдөө ооруканасы имаратына кагылып, 4 киши каза тапты.
Бул тууралуу Мугла облусунун губернатору Идирис Акбийик билдиргенин Анадолу агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун арасында 2 учкуч, бир дарыгер жана оорукананын кызматкери болгон. Окуя жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:06 чамасында Ментеше районунда орун алган.
Тик учак 4-кабатка урунуп, кийин бош жерге кулап түшкөн. Окуя учурунда аймакта калың туман болуп, куткаруучулар үчүн жагдайды оорлоткон. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр, медиктер, полиция жана Түркиянын өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу башкармалыгынын (AFAD) кызматкерлери жеткен.
Учурда окуянын себептерин аныктоо үчүн тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Сүрөт: Интернет булактарынан