Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди куттуктады

  • 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-июлда, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңиши менен дагы бир жолу жылуу куттуктады.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевдин ишмердиги мындан ары да Өзбекстандын өнүгүшүнө жана анын элинин бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Өлкө лидерлери ошондой эле кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташтыгынын келечегин, регионалдык өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Өзбекстандын учурдагы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев 9-июлда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча 87,05% добуш менен жеңишке жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты