Мирзиёев президенттик шайлоодо 87% добуш менен жеңишке жетти

  • 10 месяцев мурун

Өзбекстандын учурдагы мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев 9-июлда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча 87,05% добуш менен жеңишке жетти.

Бул тууралуу Өзбекстан Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

БШК буга чейин добуш берүүгө укуктуу жарандардын 70% (13,46 миллион киши) шайлоого катышканын кабарлаган. Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык, президенттик шайлоо калктын 33% көбү добуш берген учурда өттү деп эсептелинет.

Европагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюмунан барган эл аралык байкоочулар 10-июлда маалымат жыйынын өткөрүп, шайлоо тууралуу өз байкоолору менен бөлүшөт деп күтүлүүдө.

Бул Өзбекстандын тарыхында кезексиз өткөн алгачкы президенттик шайлоо болуп калды. Ага талапкер катары Элдик-демократиялык партиядан Улугбек Иноятов, «Адолат» социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова, Экологиялык партиядан – Абдушүкүр Хамзаев жана Либерал-демократиялык партиядан – Шавкат Мирзиёев катышты.

Бул шайлоодо талапкерлигин коюуга аракет кылган оппозициянын өкүлү Хидирназар Аллакуловдун «Чындык жана тилектештик социал-демократиялык партиясын» Юстиция министрлиги каттоодон өткөргөн эмес. Буга талапкерди колдогондордун колтамгалары жетишсиз экени жүйөө келтирилген.

30-апрелдеги референдумда Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. Жаңы баш мыйзамда президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга чейин узартылып, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары кеңейтилген.

Буга байланыштуу 2016-жылдан бери бийликте турган азыркы президент Мирзиёевдин буга чейинки мөөнөтү жокко чыгарылып, ал 2037-жылга чейин эки жолу мамлекет башчы болуп шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

2021-жылы октябрда өткөн буга чейинки президенттик шайлоодо Мирзиёев шайлоочулардын 80,31% добушун алган.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты