Садыр Жапаров: “Мындан ары төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр”
- 1 месяц мурун
Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу электр энергиясы, мамлекеттик карыздар, айдоочулук күбөлүк сыяктуу элди түйшөлтүп жаткан маселелер боюнча сөз козгоп келип, аягында “эми мен жогоруда айткан көйгөйлөрдү тоодой кылып көрсөтүп, элди козутуп, “шайлоодо бир нерсе болуп кетсе экен” деген жаман ойлуу топтор бар” экенин билдирди.
«Мындан ары төңкөрүштү түшүңөрдө гана көрөсүңөр. Төңкөрүштөн пайдаланып мародерлук, алдым-жуттумдук, төңкөрүштөн кийин мурдагыдай бир кызматты мыкчый калып байыганды түшүңөрдө көрө бергиле» деп жазды президент Жапаров.
-Арасында ири коррупциялык иштерге аралашып, ачылган кылмыш иштеринин негизинде камалып, уурдалган ири суммадагы каражат же обьектилерди мамлекеттик бюджетке өткөрүп бергендер, биз бийликке келгенден кийин көмүскө схемаларын талкалап, алардын чөнтөгүнө кетип жаткан каражаттарды мамлекеттик казынага буруп, өздөрү кызматтарынан кол жуугандар. Айтор, жеке кызыкчылыгы үчүн таарынгандар, ызасын ичине каткандар десек болот,-деди президент.
Ошондой эле андай арамдардын бирин мисал келтирди:
-Ошолордун бирин жакында эле Камчыбек Кыдыршаевич экөөбүз кабыл алып бетине айттык эле: “Алмазбек Атамбаев сизди «Ак шакалсың, Кузгунсуң» деп бекер айткан эмес экен. Болду эми, тынч жүрүп, небере жыттап, үйдө эле олтуруңуз” — деп. Дагы эле оңолбоптур. Ал топтор “KG групп”, “Ихсан” сыяктуу аферисттер салган, бирок элди алдап бүтпөгөн үйлөрдү сатып ийген эски проблемаларды блогерлер аркылуу улам улам свети жок деп эски материалдарды чыгартып жатышат.
Биз ал үйлөрдү акырындык менен толук куруп бүтүрүп, мыйзамдаштырып, электр энергиясын туташтырып берип жатабыз. Калган көйгөйлүү үйлөрдүн баары бүтүш үчүн убакыт керек. Бүтөт баары. Андыктан башаламандыкка үмүт кылбай эле койгула.
Президент төңкөрүшкө жол берилбесин, шылтоо да берилбесин айтты:
-Төңкөрүшкө жол берилбейт. Себеби, биринчиден, төңкөрүшкө шылтоо бербейбиз. Экинчиден, мурдагы алсыз мамлекет жок. Мамлекет азыр күчтүү. Үчүнчүдөн, элдин баары кимдерди кубалаш керек, кимдер бийликте олтуруш керек экенин жакшы билип калышты.
Сүрөт: president.kg




