“Мындан ары айдоочулук күбөлүктү эч ким сатып ала албайт”

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында электр энергиясы, мамлекеттик карыздар жана айдоочулук күбөлүк маселелерине токтолду.     

“Союз тарагандан бери эч ким деле кыйратып окуп күбөлүк алган жок. Бүгүнкү колунда күбөлүгү барлардын 90 пайызы айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар. Бул ачуу чындык. Мен муну 100 пайыз далилдеп берем” деди президент.  

Ошондой эле жол кырсыктары көп болуп жатканын билдирди.   

-Айдоочулар жол эрежесин билбеген үчүн, сактабаган үчүн бүгүн авто кырсыктар көп болуп жатат.

2014-жылдан 2020-жылга чейин авто кырсыктан каза болгондордун саны 6159 адамды түзүптүр.

2021-жылдан бүгүнкү күнгө чейин 3818 адамды түздү. Эмнеге азайды десеңер колдон келген катуу чараларды көрүп жатабыз. Дагы катуулатышыбыз керек.

Жаракат алгандардын саны 2014-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин 121 896 адам. Согушта да мындай болбойт да. Бизге билинбеген менен авто кырсыктан өлкөдө согуш жүрүп жаткандай адамдарыбыз өлүп жана жаракат алып жатышат десек болот. Өлгөн жарандарыбызды жоготконубуз аз келгенсип, жаракат алып майып болуп калгандарды багып жатабыз. Албетте, мунун баары мамлекетибизге оор залакасын тийгизип жатат. Ошондуктан мындан ары айдоочулук күбөлүктү эч ким сатып ала албайт. Мурда сатып алгандар эреже бузуп кармалса, экзамен тапшырууга кетет. Мунун эмнеси жаман?-деди Фейсбук баракчасында Садыр Жапаров.

-Биз мамлекет тараптан күбөлүктү толук окуп алгандарга гана бериш үчүн болгон күчүбүздү жумшайбыз. Европа өлкөлөрүндө 2-3 жылдап окуп жүрүп, араң күбөлүк алгандар бар. Тилекке жараша, Европада авто кырсыктар жокко эсе. Эмне үчүн биз ушуну жасай албашыбыз керек.

-Өлкө боюнча бардык мектептерге Жол кыймылынын эрежелери боюнча кошумча сабак кирет. Ал ИИМдин Жол коопсуздугу башкармалыгынын адистери жана Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыгууда. Ноябрдын соңуна чейин коомчулукка деталдуу маалымат беришет.

Эмнеге 14 ай? Анткени биринчиден 11-12-класстын окуучулары сентябрдан окуп баштап, жаш өзгөчөлүгүнө жараша маалыматты бир жыл арасы өздөштүрүшөт.Практикалык окуулар жаан, кыш мезгилине, аба ырайына жараша дагы окутулат. Ал эми мектепти, жогорку окуу жайды бүткөн чоң кишилер авто мектептерде окушат. Аларга окуу мөөнөтү интенсивдүү жана азыраак болушу мүмкүн.

Мындан ары коррупцияга жол берилбейт. Акча менен сатып алам дегенди унуткула. Эми айдоочулук күбөлүк билим, эмгек жана ак ниеттик менен гана алынат. Ар ким өзүбүздүн билимибиз, талыкпаган аракетибиз менен гана жетишишибиз керек,-деп билдирди Садыр Жапаров.

 5-ноябрда түз эфирде президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев айдоочуларды даярдоо боюнча айтылган иштер реформанын аркасында ишке ашарын айтты. 2026-жылдын башынан тартып, жеке автомектептер ишин токтотуп, мамлекетке өтөт жана алар кадимкидей иштей берет. Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат. 2026-жылдан тартып өлкөдө жеке менчик автомектептер ишин токтотуп, мамлекетке өтөт жана алар кадимкидей иштей берет. Жаңы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн автомектепте окуу 14 айга созулат. Окутуулар онлайн өткөрүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты