Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду

  • 2 года мурун

Бүгүн, 11-октябрда, Бишкек шаарында Президент Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Азербайжанlын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдынан өтүштү.

Өлкө лидерлери Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынынын чакан курамдагы отурумуна катышуу үчүн залга өтүштү.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду
Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты