“Максим, Жаныш Бакиевдер өмүр бою соттолгон. Келсе түз эле түрмөгө түшүшөт”. Президенттин комментарийи
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине Максим Бакиев Кыргызстанга келди деп тараган маалыматтарга комментарий берди.
“Максим менен Жаныш Бакиевдер өмүр бою соттолгон. Келсе түз эле түрмөгө түшүшөт. Соттун күчүнө кирген өкүмү турат. Ал өкүмдү эч ким өзгөртө албайт. Өзгөртүлбөйт дагы. Ошондуктан аларды берүүдөн таптакыр баш тартышты. Себеби биз ал экөөнү камабай коё албайбыз да” деди президент.
«Кана эле Максим Бакиев келип калган болсо. Камап коюп миллиардаган акчаларды бюджетке кайтарат элек» деп билдирди Садыр Жапаров.
Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
“Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Эгер камабасаңар өткөрүп берели» деп жатышат” деди президент.
Социалдык тармактарда Кыргызстандын бозгундагы мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Бишкекке келгени, “Орион” мейманканасына жайгашканы, анысы ачыкка чыгып калгандан кийин орун которгондугу, аны атайын кызмат коштоп жүргөндүгү тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга жарыяланды.
Максим Бакиев чын эле Кыргызстанга келдиби? “Кактус медиа” басылмасы бул суроо менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылган. УКМК социалдык тармактарда Максим Бакиевдин Бишкекке келгендиги тууралуу маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди. Эгер Максим Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо, ал дароо кармалмак деп УКМК жооп берген.
Максим Бакиев бозгундагы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу. Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минскиде баш калкалап келет.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган.
Сүрөттө: Максим Бакиев. Интернет булактарынан