Садыр Жапаров: “Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90 пайыз менен өтөм деп ишенем”
- 2 месяца мурун
-Кээ бир саясатчылар же оппозициячылар бир жылдан кийинки президенттик шайлоого кам көрүп жатат деп ойлошу мүмкүн,- деп билдирди Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда, элге жасаган кайрылуусунда.
— Жок, туугандар. Мен эч бир депутаттан тарагыла деп суранган деле жокмун. Мен 5 жыл мурун 80 пайыз элдин колдоосу менен өткөм. Кийинки шайлоого талапкерлигимди койсом, 90 пайыз менен өтөм деп ишенем. Анткени элдин колдоосу мурдагыдан да күч экенин сезип турам, -деп билдирди Садыр Жапаров кайрылууда.
-Тек гана мындан ары узак мөөнөткө саясий стабилдүүлүк орногонуна кубанып жатам. Эми кудай буюрса эки шайлоонун ортосу дайыма бир жарым жыл аралык менен өтүп турат. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, ар бириңиздер өз керт башыңыздарды ойлобостон, эң туура чечим кабыл алдыңыздар.
Биз башкаруу системасын иреттеп, түз жолго салып, саясий кризистерди жойдук, экономикалык өсүштү камсыз кылдык. Эми келечекке узак мөөнөттүү стабилдүүлүктү орнотушубуз керек эле. Мына эми узак мөөнөттүү стабилдүүлүк калыптанды десек болот, -деди Жапаров кайрылууда.
Кайрылууда президент депутаттарга ыраазылыгын айтты:
-Биринчиден, демилге көтөрүп, ушул маселени колдоп берген депутаттардын баарына терең ыраазычылык билдиремин. Сиздер алдыда калган бир жылдык депутаттык мөөнөтүңүздөрдү эмес, мамлекеттин узак мөөнөттүү туруктуулугун ойлодуңуздар. Мамлекеттик деңгээлде мамлекетчил атуул катары ой жүгүрттүңүздөр. Себеби келечекте эки шайлоо ар беш жыл сайын бири-бирине учкашып өтсө, бул, биринчиден, БШК үчүн кыйынчылык жаратат, экинчиден, саясий стабилдүүлүккө залакасын тийгизиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, келерки жылы күздө Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана көчмөндөр оюну бизде өтөт. Кыскасын айтканда “Тогуз толгоо” бир келип атат,-деди мамлекет башчы.
Бүгүн, 30-сентябрда, президент Садыр Жапаров алдыдагы парламенттик шайлоого байланыштуу элге кайрылуу жасады.
Сүрөт: president.kg




